Чүйдө көрүстөн казып жатканда эски доорго таандык кумаралар табылды

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында эски доорлорго таандык бүтүн 3 кумара табылды. Аны айыл тургундары көрүстөн казып жатканда табышкан. Эгерде археологиялык изилдөө керек болсо тургундар табылгаларды мамлекетке өткөрүп берүүгө даяр.

«Айылыбызда бир аксакал кайтыш болуп, ошонун көрүстөнүн казып жатканда чыкты. Бул аймакта эски доорлорго тиешелүү буюмдун сыныктары чыгып калчу. Кумаралыр бүтүн бойдон казылып алынган. Азыр кумара тургундарда. Эгерде мамлекет тарабынан изилдөө жүргүзүлөт десе өткөрүп беребиз», — деди Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Астаров.

Учурда кумаралар кайсы доорго таандык экени белгисиз. Ал эми айыл тургундары кумаралар өтө эски доорлорго таандык деп эсептешет. Айыл өкмөт башчысы тарыхый кумаралардын таржымалын билүүнү каалашаарын белгиледи.

Москва райондук администрация «Клоопко» тарыхый табылгалар чыккан жерди изилдөөгө алуу боюнча маданият министрлигине кайрылышканын билдирди. Себеби, буга чейин Ак-Түз жана Төлөк айыл өкмөттөрүнөн да ар түрдүү буюмдар табылган. Ал буюмдарды археологдор алып кетишкен.

«Биз археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө кызыктарбыз. Буга чейин эле “Аймакты коргонго алуу жана көрүстөн казууну токтотуу боюнча” маданият министрлиги тарабынан каттар келген. Бирок, Төлөк айылынын тургундары “Көрүстөндөргө ата-бабаларыбыз коюлуп келген” деп, ал буйрукка каршы болгон», — деди Москва районунун акиминин орун басаары Жоомарт Нарботоев.

Төлөк айылы «аймакты коргоого алуу боюнча» өкмөттүн буйругунун тизмесине киргизилген. Тургундар көрүстөн казууну токтотууга каршы болушкан. Ал жерге маданият министрлигинин өкүлдөрү келип, тургундар менен жолугушуу болгон.

Райондук администрациясы башка табылга чыккан жерлерде айдоо жана курулуш иштерин жүргүзбөө, ижарага бербөө жөнүндө сунуштарды берген.

Кыргызстандын аймагында эски доорлорго таандык буюмдар буга чейин да табылып келген. Мисалы, Нарындагы Ага-Хан университети салынчу жерди чалгындоо учурунда мындан 3 миң жыл илгерки турмуш-тиричилик буюмдарынан тышкары, аялдын азем буюмдары да табылган.