Өзбекстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди — аны Жапаров кабыл алат

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов иш сапары менен Кыргызстанга келгенин маалымдады.

«Өзбекстандын Тышкы саясат ведомствосунун башчысы президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынат жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деп билдиришти ведомстводон.

ТИМдин маалыматына ылайык, эки тарап кыргыз-өзбек көп пландуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле, эки өлкөнүн аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүлөрүн талкуулашат.

«Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга болгон алдыдагы сапарын уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат», — деп белгилешти ТИМден.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолуккан. Жолугушуу учурунда алар айыл чарба, экономика жана транспорт тармагындагы кызматташууларды талкуулашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары эки тарап тең кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участкаларын жол-жоболоштурууну аягына чыгаруунун үстүндө иштөөгө даяр экенин билдиришкен.

Февраль айынын башынан бери чек арага чектеш жайгашкан аймактардын тургундары митингдерге чыгып, чек аранын демаркациясына байланыштуу маселелерди чечип берүүнү талап кылышкан.