Ош: Матраимовду колдоо митингинде журналисттерге чагымчылдык кылууга аракеттеништи

Журналисттерге карата чагымчылдык кылууга аракеттенүү учуру

Экс-бажычы Райымбек Матраимовду колдоо жана «Азаттык» үналгысы менен бейөкмөт уюмдарга каршы өткөн митингде «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык кылууга аракеттеништи.

Анткен менен митинг башталып жатканда депутат Искендер Матраимов келип «этият болгула, силер журналистсиңер, силерди балдар карайт» деп айткан болчу.

Бирок алгач сахнадан Матраимовдун тарапташы, блогер Илимбек Исраилов митингди чагылдырып жаткан журналисттерди сөөмөйү менен көрсөтүп, «буларга эскертүү бергем» деп айтты. Андан кийин журналисттердин жанына улам-улам келип тартып кетип жатты.

Кийинчерээк митингди алып барган Аман Ибраев сахнадан «Азаттык» үналгысын «аферист» деп айыптады.

«Митинг өтүп жатат деп башында келген 50 адамдын сүрөтүн киргизип коюптур. Мына ушулар аферистер. Мына бул жердеги элдин саны канча билесиздерби? 15 миңден көп. Демек, ушундай аферист болгон «Азаттык» Кыргызстандан чыгып кетсин!» — деп айтты Ибраев.

Көп өтпөй митингчилердин бири «Азаттыктын» кабарчысы Дастан Үмөтбай уулунун колунан тартып, «Сенби “Азаттык”, бери кел!» деп коркутууга аракет кылды. Андан соң журналисттерди белгисиз кишилер курчап, чагымчыл чакырыктар айтылды.

«Куугунтукту ушул жерден башташ керек. Кууп чыгабыз азыр буларды. “Азаттык” кетсин! Буларды эл өзү чыгарабыз деп жатат», — деди митинчилердин бири.

Чагымчылдык башталган учурда Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов келип, журналисттерди кишилердин курчоосунда башка тарапка алып өттү.

«Жүргүлө тигил жака. Тийбегиле буларга! Ушул жерде тургула [журналисттер], менин жанымдан кетпегиле. Өзүм жооп берем силерге. Эл ушундай жаман да», — деди Сайпидинов.

Анткен менен журналисттер аянттын башка тарабына алып өтүлгөндөн кийин да белгисиз кишилердин бири «Клооптун» кабарчысы Хамидулло Узаковдун телефонун тартып алууга аракет кылды. Мындан башка киши журналисттер тарапка түкүрдү. Ошол эле учурда белгисиз аял «Клооптун» башка журналистине кол салууга аракет жасады.

Кийинчерээк эки милиционер келип «журналисттерге кол тийгизбегиле» деп айтып, жоон топтун арасынан чыгып кетүүгө жардам беришти. Анткен менен Ош ШИИБинин басма сөз кызматы митинг учурунда мыйзам бузуу фактылары катталган жок деп кабарлады.

«Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтындагы Райымбек Матраимовдун жактоочуларынын аны колдоо митинги аяктады. Митинг учурунда анын катышуучулары тарабынан кандайдыр бир тартип, мыйзамдуулукту бузуу фактылары катталган жок. Ош шаарында коомдук-саясый кырдаал туруктуу», — деп билдиришти шаардык милициядан.