Видео: Ошто цирктен аюу качып кетип, кайра кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Социалдык тармактарда 27-февралда Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде аюу качып, чуркап баратканы тартылган тасма тарады. Тасманын автору окуя «Кыргызстан» кинотеатрынын алдында болгонун айткан.

«Көчөдө кадимки аюу жүрөт, мына адамдарды кубалап атат» деп комментарий берген ал.

Аюунун тумшук кабы бар болгон. Ал бир нече мүнөт ары-бери чуркап, жолдо бараткан кишилерге жакындап кайра артка качып атканы тартылган. Андан соң цирк кийимин кийген киши келип аюуну кармап кеткендиги көрүнөт.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя Черемушка кичи районунда орун алган. Аюу аталган райондун кинотеатрынын имартында жайгашкан цирктен качып кеткендиги айтылууда. Мындан сырткары, цирк Кыргызстанга Орусиядан келгендиги кабарланууда. Аюдан жабыркагандар болгон эмес.

Буга чейин калаадагы Новои эс алуу паркында жайгашкан зоопарктан маймыл качып кетип, турак үйлөрдүн биринен кармалгандыгы кабарланган. ӨКМдин куткаруучулары маймылды кармап, зоопарктын ээсине кайтарып беришкен.