Ала-Бел ашуусунда жол буулуп, куткаруучулар өздөрүн куткарууга туура келди

Фотосүрөтчү Рустем Ильясов 25-февралда Ала-Бел ашуусунда бороондон улам жолдо калып калган. Ал бороон учурунда ашуудан биринчилерден болуп өтүп бара жатып, ашуунун чокусунда жолдо калып калган адамдардын башынан эмнелерди өткөргөнүн сүрөткө тартып калганга үлгүргөн. «Клооп» керектүү шайманы да, техникасы жок болгонуна карабастан жолдо калган адамдардын үйлөрүнө жетиши үчүн бардык күч-аракеттерин жумшаган куткаруучулар тууралуу Рустемдин баянын назарыңыздарга сунат.

Ала-Бел ашуусу деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош трассасында жайгашкан. Мындай бийиктикте дээрлик жыл бою кар жатат жана сары шамал согуп турат. Жол кооптуу, анткени андан жүрүп бара жатканда, бир нече өрдөн жана кыядан өтүш керек. Аба-ырайы бузулганда жолдо кар жок болуп, таза эле көрүнгөнү менен, жолдун бетин тез эле жука муз басып калат. 24-февралга караган түнү кан жолдун айрым жерлеринде бийиктиги 60 см түзгөн кар жаап, ашуудан өтүүдө транспортко бир топ кыйынчылыктар жаралды.

Өйдө жактагылар кантип жатышты экен, билбейм!

Татаал ашууларды өтүп жатканда жарандардын коопсуздугун ким камсыз кылышы керек? Бул кыйынчылыкты өз башыңан өткөрмөйүнчө, муну түшүнө албайсың. Адамдар эки тарапка тең жол жүрүшү керек. Алардын акыл-эстүүлүгүнө же өз жанын сактап калуу туюмуна ишенбеш керек! Эми адамдар жөнү жок эле жолго чыгышкан жок, ар бир кишинин кандайдыр бир зарыл иштери бар да. Анын үстүнө ылдый жакта бара жаткандар өйдө жакта жолду кантип өтүп бара жатканын билишпейт!

Жолдо тыгылып калган биздин колоннада бир гана жолчу жана эки МАИ кызматкери бар болчу (болгондо да алар Орусиянын мамлекеттик номери тагылган жеке менчик унаа менен келишти). Алар колоннаны тартипке келтиргенге, каршы тилкени жаптырбаганга, грейдерлерди өткөргөнгө аракет кылышты. Мында биз алардын иштин көзүн билбегенин, жетишерлик чаралар көрүлбөгөнүн өзүбүз көрдүк. Ушул оор күндөрдө эч ким оор жаракат алган эместир деп үмүт кылам.

Балким ашууларды убактылуу жаап туруш керек эле?

Бир бурулуп карасаң, жакын жерде эч бир ажаткана жок болгондуктан, жол бетинде эле табигый муктаждыктарын канааттандырууга дуушар болуп, бири-бирин этектери менен тосуп жаткан кыз-келиндерди көрөсүң. Башка айла жок, тыгын эки багытка тең эки чакырымга созулган, жолдун четинде кар тизеден. Эч нерсе дей албайсың, аялдарга да, балдарга да, эркектерге да абдан оор болду.

Бул сүрөттү тартып калып, аны жайылтуу чечимин оңою менен кабыл алган жокмун. Муну жөн эле хайптын аркасынан кууп түшүү деп түшүнбөш керек. Аялдар оңой эле суук тийгизип алышмак, абанын температурасы -18 градус, улам булк эткен катуу шамал согуп жаткан. Бир мүнөттөн кийин мен өз бетимди сезбей калдым. Сүрөт жөн гана бул фактты чагылдырбастан, адамдык ар-намысты кордоо тууралуу да баяндайт. Аялдар, мусулман кыздар мындай кырдаалга туш келгенде, башка арга жок болгондо, физиология менен талашып-тартыша да албайсың.

Эмне үчүн өкмөт өз жарандарына карата ушундай начар мамиле кылат? Эмне үчүн өлкөдөгү эң маанилүү жолду эскилиги жеткен, эбак эсептен чыгарылышы керек болгон, кыяматтан кийинки дүйнө жөнүндө кинотасманы тартууга гана жараган атайын техникалар тейлеш керек? Маңдайкы терезеси жарылган, кабинасы чириген экен. Эми бул да эң орчундуу маселе эмес.

Эмне үчүн бийик тоолуу шарттарда, ызгаардуу суукта, катуу шамал согуп жатканда жолчулар көөнөргөн, далай жолу тешилип жамалган атайын кийимдерди кийгенге аргасыз болуп, жүк ташуучу унаалардын кузовунда туруп, кумду өз колдору менен күрөктөп ыргытышы керек? Эмне үчүн бул ишти автоматтык түрдө кыла алган атайын унаалар жок? Ошондой атайын техникага жүктөлүп, камдалып койгон кум кайда? Балким мунун баары бир жерде бардыр? Ким билет, тендерди жеңип алган фирмалардын иш-кагаздарынын бетинде эле болуш керектир, ээ?

Мындай катаал шарттарда бир-эки жыл иштегенден кийин эле, катардагы жолчулар канча деген илдеттерге чалдыгып, аларга каршы күрөшүүдө жалгыз калышат. Биздин аткаминерлерибиз катардагы жумушчуларды жөн гана чыгаша болгон материал деп көрүшөт окшойт. Мунун үстүнө коопсуздук техникасы боюнча бир далай эреже бузууларды да байкоо мүмкүн.

Жолду тейлеген катардагы кызматкерлерге, грейдерлердин жана экскаваторлордун айдоочуларына кылган эмгеги үчүн миң ирет ыраазычылык айтпасак болбойт, анткени дал ушул кишилер өз жумушун аткарганы үчүн биз жылуу үйлөрүбүзгө, жакын адамдарыбызга жете алдык. А бул жумушчулар болсо, ашууну кар шилендилеринен тазалап кала беришти.

25-февраль, саат 13:20, Ала-Бел ашуусунан ылдый түшкөн жол. ӨКМдин КамАЗынын дизели тоңуп калган экен, айдоочулар унаанын отун системасын кандагыч лампа менен жылытып жатышты.

Мындай кызматтар сааттай так иштеши керек, эң оор кырдаалдарга даяр турушу керек. Жолго чыккан адамдардын өмүрлөрү дал ошол кызматтардын так аткарылган жумушуна көз каранды. Иштин көзүн ким билбейт? Грейдердин айдоочусубу? Же анын жетекчисиби? Куткаруучулар өзүдөрүн-өзү куткарышы керек болуп калды.

Өкмөттүн жогорку трибуналарына чыгып алып, даярдык жөнүндө сөз кылып жатканда, ушул сыяктуу оор кырдаалдарды эстеп коюңуздар. Буларга үстүнө куйса, суу жукпайт, а карапайым эл кыйнала берет.

26-февралда ӨКМ Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында кар тазалоо иштери аяктаганын, жол ачылганы тууралуу маалымат таратты.

Акыркы үч суткада кар калың жаагандыктан Бишкек-Ош жолунда гана беш жерде кар көчүп, жол буулуп калганы, кыймылга чектөө коюлганы тууралуу ӨКМ билдирди.