Бабыржан Төлбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын Бишкектеги бөлүмүн жетектейт

Меценат жана президенттикке мурдагы талапкер Бабыржан Төлбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын Бишкектеги бөлүмүн жетектей баштады. Бул тууралуу партиянын Бишкекте 28-февралды өткөн кезексиз съездинде белгилүү болду.

Партия өкүлдөрү 2021-жылдын 11-апрелиине дайындалган бардык жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышууну көздөйт.

Съездде «Мекенчил» партиясынын курамында 2020-жылы парламенттик шайлоого барган Айбек Маткеримов лидер болуп шайланганы белгилүү болду. Ал «Мекенчилдин» тизмесинде 82-орунда болчу.

Ал эми ишкер Төлбаев соңку президенттик шайлоого катышкан. Шайлоодо ал үчүнчү орунга чыккан, анын талапкерлиги үчүн шайлоого келген жарандардын 2,36%ы добуш берген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 2021-жылдын 26-февралында кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары Айбек Маткеримов жазылган.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген. Анда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңеш шайланат. Үгүт иш-чаралары шаарларда 12-мартта, ал эми 22-марттан тартып айылдарда башталат.

28-февралга карата алынган маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 30 саясий партия күч сынашат.