«Билайн» салык төкпөгөнү үчүн келтирген 112 млн сом чыгымды төлөп берди — Финпол

Финансы полициясынын басма сөз кызматы «Скай Мобайл» («Билайн») компаниясы салык төлөмдөрүн төкпөгөндүгү үчүн мамлекетке келтирген 112 млн сом чыгымдын ордун толтурганын кабарлады. Компания каражатты 2021-жылдын 11-февралында которгон.

Финполдун маалыматына караганда, салык төлөөдөн качуу боюнча иш 2019-жылдын ноябрь айында КЖБРге катталган.

«Финпол тарабынан салык текшерүүлөр дайындалган. Ага ылайык, “Скай Мобайл” тарабынан резидент эмес тараптын киреше салыгы 112 млн сомдон ашык суммага төмөндөтүлгөн факты аныкталган», — деп ведомстводон түшүндүрүштү.