Кыргызстандын аймактарында 500 бала бакча ачылат. Алар күнүнө үч саат иштейт

Кыргызстандын аймактарында мектепке чейинки курактагы балдар үчүн күнүнө үч сааттан иштей турчу 500 бала бакча ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары гана көрсөтүлүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражат сарпталат», — деп ведомстводон билдиришти .

Кыска мөөнөттүү бакчаларды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтуу аз болгон алыскы жана тоолуу аймактар, чек ара айылдары, ошондой эле, этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачуу мерчемделгенин такташты.

Долбоор «Келечек үчүн билим берүү» деп аталат, ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. Долбоор бир гана балдарды мектепке даярдоо эмес, «мектепке чейинки жана мектеп мугалимдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга» багытталган. 700 тарбиячы кошумча даярдоодон өтөт.

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетишпейт. Тоолуу аймактардагы билим берүү көйгөйүн чечүү максатында жайлоолордо дагы бала бакчалар ачылууда.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, 2019-2020-жылдары Кыргызстанда 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын 25,4%ы гана бала бакчага барат. Өткөн жылы республика боюнча 1617 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеген, бирок алардын айрымдары авариялык абалда.