Опера жана балет театрынын аталышы боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Бишкектеги опера жана балет театрынын аталышына толуктоо киргизилди. Эми ал Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры деп аталат. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева «Клоопко» театрдын атылышы өзгөрбөгөнүн, болгону документтеги аталышына ылайыкташтырылганын билдирди.

«Опера жана балет театрынын аталышы 2002-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндө “Ленин ордундүү опера жана балет театры” деп өткөн. Алынган күбөлүк менен дал келтирүү максатында толуктоолор гана киргизилди. Аталышы Абдылас Малдыбаев бойдон эле калат», — деди Асанбаева.

Буга чейин эле опера жана балет театрынын сайтында «Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» деп жазылып келген.

«Мындай аракеттер өкмөттүн ишине тоскоолдук кылбоо максатында жасалды. Себеби, бир эле мекеменин аталышы эки документте эки башка болуп жүрсө, иш алып барууда тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн», — деди маалымат катчы.

Ал ошондой эле, толуктоону айрым адамдар туура эмес түшүнүп жатканын кошумчалады.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары театрдын аталышына толуктоолордун киргизилгенине терс пикирин билдиришти. Медиа эксперт Азим Азимов Твиттер барагында маданият өкмөттүн иши эмес экенин мойнуна алышы керектигин жана Марипов опера жана балет театрына эмнеге кийлигишип жатканына кызыккан.

Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры 1937-жылы негизделген.

Коңшуларда кандай?

Кошуна мамлекеттердеги балет театрлары да учурунда кайсы бир ордендүү деп аталган. Мисалы, Казакстандын Абай атындагы улуттук академиялык опера жана балет театры 1992-жылга чейин «Казак мамлекеттик Ленин ордендүү Казак ССРинин Маданият министрлигинин Абай атындагы академиялык опера жана балет театры» деп атылып келген. Учурда мекеме «Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры» деп аталат.

Өзбекстандагы опера балет теарты мурда «Эмгек Кызыл Туу» ордендүү Өзбекстан Республикасынын Алишер Навои атындагы академиялык чоң театры» деп аталчу. Учурда театр «Алишер Навои атындагы мамлекеттин академиялык чоң театр» деп аталат.

Кошуна мамлекеттердеги театрлардын расмий сайтында буга чейинки аталышы көрсөтүлгөн эмес. Ал эми Кыргызстандагы опера жана балет театрынын сайтында «Ленин ордендүү» экени жазылган.