Кримтөбөл Камчы Көлбаевди эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду

2-мартта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.

«Баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө жөнүндө кол катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти Бишкек шаардык сотунан.

Бирок соттон судьянын чечиминин чоо-жайы тууралуу маалымат беришкен жок. Биринчи май райсотунан кошумчалашкандай, шаардык сот алардын 17-февралдагы №47 түзөтүү абагында камакка алууну узартуу токтомунун үстүнөн даттанган.

Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМКдан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген.

Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Камчы Көлбаев деген ким?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт. Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, бийликтин өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсуңдө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.

УКМКнын башчысынын айтымында, күч органдары «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев эркиндикте жүргөндө УКТнын башка мүчөлөрүн кармоого кирише албай жатышкан.

Көлбаев кармалган учурдан бери УКМК байма-бай ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен белгилүү кримтөбөлдөр кармалганын маалымдап келет.