«Москвадагы досум берген». Депутат Маматалиев 26,5 миң долларлык кол саатты кайдан алганын айтты

26-февралда Sputnik басылмасынын журналисттери парламенттин айрым депутаттарынын кол сааттарынын болжолдуу наркы тууралуу материалды чыгарышты. Эң кымбат саат эл өкүлү Марлен Маматалиевге таандык экен — баасы 26,5 миң доллар.

Эртеси күнү, 27-февралда Маматалиев өзүнүн фейсбук барагына пост жазып, саатты кайдан алганын түшүндүргөн. Анын айтымында, кол саатты ага «Москвадагы досу» белекке берген.

Депутат сааттын оригинал же жасалма экенин билбей турганын, ошондой эле, «белекке келген жылкынын тишин ачып карабайт» дегендей, белектин наркын сурабаганын баса белгилеген.

«Экинчиден, мен өзүм 26 500 долларга мындай аксессуар сатып алмак эмесмин. Бир бөлмөлүү батирди колума тагып жүргөнгө дитим барбайт. Мен байманалуу жашоонун артынан куубайм», — деп жазган Маматалиев.

Марлен Маматалиев деген ким?

Марлен Маматалиев — 2018-жылдан бери «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты. Буга чейин ал үч жыл Социалдык фонддо, андан кийин Экономика министрлигинде эмгектенген.

Мындан тышкары, ал эки жолу өкмөттүн аппаратында иштеген. Алгачкы жолу 2009-жылдан 2010-жылга чейин эмгектенген, кийинчерээк 2012-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин иштеген.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого ал Жогорку Кеңешке Матраимовдордун таасирдүү кланына байланышы бар деп эсептелген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Бирок Маматалиевдин айтымында, ал октябрь айындагы окуялардан жана шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 2020-жылы октябрдын аягында партиядан чыгып кеткен.

Жакында эле ал партиядан кеткенине байланыштуу социалдык тармактар аркылуу жемелөөгө кабылганына даттанган. Азыркы тапта саясатчы — «Ынтымак» партиясынын лидери. Аты аталган партия 11-апрелде Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышууга камынып жатат.