Оштун милициясы аймактык милиционерди Modern Talkingдин ырын «аткарткан» кишини издеп жатат

Эйваз Исмаилов

Социалдык тармактарда Ош облусунун Араван районунун тургуну Алишер Маткаликовдун райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен кечирим сураган видеосу тарап жатат.

«Мен Маткаликов Алишер 1988-жылкы баламын. Үйдө отурганымда мага видео келип калды эле. Мен аны таратып жиберипмин. Кыргызстандын Араванындагы бардык милиция кызматкерлеринен кечирим сурайм!» — деген ал.

Буга чейин Whatssap мессенжеринде Араван районундагы аймактык милиционер Эйваз Исмаиловдун Avatarify тиркемеси аркылуу жасалган видеосу тараган. Анда Исмаилов Modern Talking тобунун You my heart you my soul аттуу ырынан үзүндү аткарып жатканын көрүүгө болот. Бул тиркеме аркылуу адамдын сүрөтүн колдонуу менен аны сүйлөтүп-ырдатса болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жогорудагы тасма боюнча кызматтык иликтөө башталганын жана Исмаилов тиешелүү арыз менен прокуратурага кайрылганын билдиришти.

Алгачкы тергөө амалдары Маткаликов видеону таратканы аныкталып, ал эми аны жасаган киши изделип жатканын билдиришти. ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев Маткаликов атасынын өтүнүчү менен кечирим сураганын айтты.

«Милиционер тасманы жасаган киши "жеке аброюма шек келтирди" деп жатат. Видео кечирим сураган жигиттин телефонунан тарагандыгы аныкталган да. Атасынын телефону болуп чыкты. Атасы менен апасынын катышуусунда далилденди. Атасы "мен үйгө таштап койчу элем" деди. Анан баланын өзүнөн сураганда "ооба, мен дайыма инстаграм менен WhatsApp иштетчүмүн ошондой видеолорду көрүп, видеолорду алып, видеолорду жөнөтүп турчумун. Мага ал видео келгенде, таратып койгонмун, тарат дегени үчүн" деп жатат да», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Аширбаевдин айтымында, Маткаликов экинчи топтогу майып. Ошондуктан кечирим суроо менен жоопкерчиликтен кутулушу мүмкүн. Ал эми Ош ОИИБиден Исмаиловду каралаган сүрөт буга чейин да жасалганын кошумчалашты.

Аймактык милиционер Эйваз Исмаилов аталган тасма боюнча Араван райондук сотуна да кайрыларын белгиледи.