Сокулукта спорт залда асынып алган окуучу кыздын өлүмү иликтенүүдө

Чүйдүн Сокулук районунун Фрунзе айылында 14 жаштагы кыз эски спорт залда асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Ага ылайык, маркум айылдагы Фрунзе №1 орто мектебинде окучу. Ал эки бир туугандын улуусу болгон. Экөө тең таенеси менен жашап жатышкан. Акыркы учурларда кыздын апасы үйүнө кайтып келип, чогуу жашап башташкан. 

«Ал кызы менен тил табыша албай, экөө уруша башташкан. Буга чейин маркум Фрунзе айылындагы жеке менчик машыгуу залына барып, машыкчу экен. Ошол күнү спорт залдын ачкычын сурап, жалгыз калган. Ошентип кечки саат 18:00дөр чамасында аны асынып турган абалда табышкан», — деп жазылган маалыматта.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Нургүл Нусупова «Клоопко» курган маегинде маркумдун денесинде жиптин изинен башка так жок экенин билдирди. 23-февраль күнү Сокулук РИИБине 14 жаштагы Б.В. аттуу окуучу кыздын асынган денеси табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

«Аталган билдирүү каттоого алынып, Сокулук РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда кыз асынып алгандыгы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери сөөктү карап, анын денесинде аркандын изинен башка из табышкан эмес»,— деди ал.

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылындагы 8 жаштагы кыз асынып алган абалда табылган. Жаш өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салышына тасмалар таасири бергени божомолдонгон.

Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоциалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосундагы бардык баскычта кыйратуучу кесепетке алып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт