Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылындагы 8 жаштагы кыздын өз өмүрүнө кол салышына тасмалардын таасири бар болгону божомолдонууда. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.
27-ноябрда милицияга 3-класстагы кыз асынган абалда табылганы тууралуу кабар түшкөн.
Аширбаевдин айтмында, маркум окуя болгондон бир күн мурун өз жанын асынып алуу менен кыйган мазмундагы кино көргөн. Жакындары кыз ушул эпизодду туурап жатып, кийин жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтышууда.
«Маркум өз үйүнүн короосундагы эки кабаттуу мал сарайдын чатырындагы торсунга асынып алган. Ал сарайдын чатырына ба чейин 10 жаштагы эжеси малдарына чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшкан. Маркум асынган жип ошол жиптерден алынгандыгы такталган», — деди Аширбаев.
Маркумдун ата-энеси экспертизага берүүдөн баш тарткан. Милиция кызматкерлери сөөктү сырттан кароо жүргүзгөн учурда, анын денесинен асынып алган жиптен сырткары тактарды байкашкан эмес.
Мындан сырткары, Аширбаев окуя болгон күнү маркум үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калгандыгын кошумчалады. Атасы жана чоң атасы мечитке жума намазга кетишкен, ал эми апасы мугалим болгондуктан мектепте болгон.
Ош ОИИБи тарабынан атайын түзүлгөн топ окуя боюнча хронометраж кылып, маркумдун өлүмүнүн себептерин иликтөөнү улантат.
«8 жашар кыздын өзүн-өзү асып алуу практикада буга чейин болгон эмес. Ошондуктан милиция кыздын өлүмүн аягына чейин териштирүү максатында, ал акыркы учурда эмне кылган, ким менен сүйлөшкөн, эмне жөнүндө сүйлөшкөн баарын тыкыр иликтейт», — деп түшүндүрдү Аширбаев.
Маркум окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Анын сабакка катышуу үчүн телефонун апасы жумушуна алып кеткен. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мектеп окуучулары 8-апрелден тарта аралыктан окуп жатышат.
Мындан улам Билим берүү министрлиги окутуу планын иштеп чыгып, окуучулар сабактарды телеканалдар аркылуу көрүп, мугалимдер менен мессенжер же мобилдик колдонмолор аркылуу байланышышат.
«Укук коргоочулар адам укугу үчүн» коомдук фонду онлайн окутуу боюнча ата-энелерге атайын сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анда бир топ ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар мындай окутуу формасы аларга кыйынчылык жаратканын ачыкташкан.
Сурамжылоого катышкандардын айрымдары эң негизги көйгөй катары интернеттин жоктугуна жана онлайн билим алуу үчүн гаджеттердин жетишсиздигине даттанышкан.
Мындан сырткры, айрым ата-энелер балдарын үйдөн окутууга жөндөмсүз экенин моюндашкан. Ал эми окуучулар онлайн окутууда сабактарды түшүнбөй жатышканын айтышкан. Ошондой эле, окуучу балдардын көбү классташтары жана башка окуучулар менен жандуу баарлашуудан ажырап калгандыктан, стресске кабылышкан.
Тема боюнча:
Ош милициясы асынган абалда табылган 8 жаштагы кыздын өлүмүн иликтөөдө
«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө