Бишкекте 9-марттан тарта бала бакчалар ачылып, башталгыч класстар мектепке барат

9-марттан баштап Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар өз ишин жандандырат, ал эми бардык мектептерде башталгыч класстын окуучуларын офлайн-окутууга уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим алдыңкы күнү эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы шаардык чукул комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Мектептер жана бала бакчалар кантип иштейт?

9-марттан баштап, бала бакчаларга мектепке даярдоочу жана жогорку курактагы топто тарбияланган балдар барат. Ошондой эле, ата-эненин бирөөсү гана баккан балдар барышат. Бир тайпада 10 баладан ашпашы керек.

2-3-4-класстардын окуучулары дагы мектепке кайтышат. Окутуу топторго бөлбөстөн жүргүзүлөт, ал эми сабактар пандемияга чейинкидей эле, 40-45 мүнөткө созулат.

Мэриядан «санитардык-эпидемологиялык эрежелердин жана нормативдердин баары сакталарын» баса белгилешти. Ошол эле учурда, Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы (ШССБ) жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору мектептерде жана бала бакчаларда эпидемиологиялык абалга көз салып турушат. COVID-19 жана курч вирустук инфекцияларга чалдыккан оорулуулардын санын талдап турушат.

«Бишкек мэриясы бардык балдарды офлайн-окутуу боюнча бардык аракеттерди көрүп жатат, эпидемиологиялык абал толугу менен офлайнга мүмкүндүк берери менен, биз бул ишти аткарабыз!» — деп мекемеден билдиришти.

Бирок, мектеп окуучуларын 9-марттан тарта оффлайн окутуу үчүн мэриянын Билим берүү башкармалыгынын өзүнчө буйругу да керек.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окутууну баштоо жөнүндө буйрукка «кол коюлганын» жана бул «мектептерде окутууну баштоонун экинчи баскычы» экенин «Клоопко» билдирди.

«Учурда райондук билим берүү борборлорунун директорлору жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери аркылуу ата-энелерге окуу кайрадан башталганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө», — деп Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкектеги мектептер жана бала бакчалардын ачылышы

Мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды ачуу маселеси пандемия башталгандан бери талкууланып келе жатат.

Республиканын мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен бери аралыктан окууга кеткен.

Өлкөдө ӨА жана ӨК режими киргенден кийин Билим берүү министрлиги тез арада аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер онлайн- окууну сынга алышкан, атап айтканда мындагы окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Азыр коронавирус пандемиясынан улам ишин токтоткон мекемелердин акыркылары мектептер жана бала бакчалар болууда.

18-январда салттуу окуу режимине Бишкектеги 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кайтып келген. Мамлекеттик бала бакчалар ачылган эмес.

Бизнес, муниципалдык транспорт жана базарлар сыяктуу башка чөйрөлөр толук кандуу иштеп жатышат, бирок санитардык талаптар аткарылып, коронавирустун алдын-алуу чаралары көрүлүп жатат.

Менчик бала бакчалар жана мектептер дагы ачылган, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып санитардык талаптарды аткаруу шарты менен ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Оффлайн режимде менчик окутуу курстары, балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.