Момбеков: Акматов каза болду, Жумалиев түрмөдө — алар мыйзам долбооруна кантип кол коюшту?

Жогорку Кеңештин 3-марттагы жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдумду дайындоо маселеси каралып жатат.

Депутат Рыскелди Момбеков референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин арасында Алмазбек Акматов жана Кубанычбек Жумалиев болгонуна таң калды. Акматов 28-февралда каза болгон, ал эми Жумалиев коррупцияга шектелип 5-февралда УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.

«Коштоочу документ илинип турат, 1-мартта киргизилиптир. Анан 1-мартта кирген документте 65 депутаттын колу турат, айтып коюңуздарчы: Акматов Алмазды кечээ жерге бердик го. Ал кантип кол койду? Өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар? [...] Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатып кантип кол койду?» — деп суроо узатты Момбеков.

Төрага Талант Мамытов бул процедуранын «өзүнүн юридикалык жол-жобосу бар» болгонун айтты, бирок Момбеков анын сөзүн бөлүп, мыйзам долбоорунда 80 депутаттын ордуна 65 депутаттын гана колу турганына нааразы болду.

Ошондой эле, Момбеков референдумдун демилгечилери мындай жол менен Конституциянын жаңы долбоорун өткөрүүнү көздөп жатышканын кошумчалады.

«Мурдагы 80 депутат демилгелеген мыйзам башка, азыркы кирген мыйзам башка болуп жатат. Ошон үчүн бирөө дагы унчугалбай турат. [...] Демек эртең могул депутаттар секирет “мен ал мыйзамга кол койгон эмесмин, менин колумду көргөзчү” деп. Өтпөйт бул! [...] “Элдин талабы” деп жатпайсыңарбы, элдин атынан бир кайрылууну киргизгилечи көрөйүн. Элдин талабы курултай болчу, курултайды киргизген жоксуңар. Элди дагы “кидать” эттиңер, бизди дагы “кидать” этип жатасыңар», — деди Момбеков.

Жаңы Конституция

Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү маселеги жигердүү талкуулана баштаган. Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес.

Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон.

Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышты.

Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүүдө.

Анткен менен 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Конституциянын жаңы долбоорун карап чыгып, жактырды.