Сот департаментинин статс-катчысы жасалма келишим түзүүгө шектелип кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 1-мартта Жогорку сотко караштуу Сот департаменттин статс-катчысы Сталбек Калмаковду кармады. Ал сот системасына байланышкан программаларды иштеп чыгуу жөнүндө жасалма келишимдерди түзгөн деп шектелүүдө. Бирок ал программа сот тармагында мурда эле колдонулуп жүргөн.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2018-жылы Сот департаментинин кызматкерлери IT-компаниялар менен «Кыргызстандын сот системасынын карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн суммасы 4 млн сомдон ашкан жалган келишимдерди түзгөн.

Тергөө кийинчерээк аныктагандай, ал убакта бул программалык продуктулар «Адилет сот» маалымат технологиялар боюнча мекеменин адистери тарабынан иштелип чыгып, ишке киргизилген. Ал эми бөлүнгөн 4,1 млн сомду Сот департаментинин кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Буга чейин ушул эле иш боюнча Сот департаментине караштуу «Адилет сот» МТБ долбоор жетекчиси С.К.А. кармалган. Ошондо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы IT-компаниялардын бири менен жалпы суммасы 2,4 млн сом болгон жалган келишим түзүлгөнүн маалымдаган.

УКМКдан кошумчалашкандай, IT-компаниялардын бири «Жергиликтүү сот» системасын иштеп чыгуу жана киргизүүдөгү коррупцияга байланыштуу башка кылмыш иши боюнча өтүп жатат. Бул иш боюнча Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева фигурант катары өтүүдө.

«Бул иш боюнча тергөө уланууда, тиешеси бар башка адамдар аныкталууда», — деп билдиришти УКМКдан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Жогорку сотто коррупциялык схеманы аныктады