Жогорку сот ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция тууралуу ишти кайра кароодон баш тартты

Жогорку соттун соттук коллегиясы 2-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция ишин карап, адвокаттардын ишти жандандыруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку сотко ишти жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Токтакуновдун айтымында, мамлекетке зыяндын кандай түрү келтирилгени так көрсөтүлгөн эмес.

«Соттун мурдагы өкүмдөрүндө “Сапар Исаков TBEA компаниясы менен сүйлөшүп алып, коррупцияга барган” деп айтылган. [...] Иште мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген деп жазылган эмес», — деп айтып берди адвокат.

Токтакунов эгерде ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке зыян келтирилсе, кытайлык өнөктөштөргө насыянын белгилүү бир пайызы төлөнбөйт деп эскертүү керек болчу деп эсептейт. Бирок мамлекет «насыянын үстөк пайызын ылдыйлатпастан төлөп беребиз» деп билдирген.

«Демек, мамлекет жабыркаган болуп туруп, эч нерсе уурдалбаганын мойнуна алып жатат», — деди ал.

Токтакунов Жогорку сот бул иш боюнча соттолгондорду актап чыгарыш керек болчу деп эсептейт.

ЖЭБдеги авария

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши 2018-жылы январдын аягында, жылуулук борборундагы жарылуудан кийин козголгон. Анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Аварияга чейин ЖЭБ 386 миллион доллар насыянын эсебинен модернизацияланган болчу.

2019-жылы сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен «Улуттукэнергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыраткан. Кийин Калиевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскарган. «Электр станциялары» мамлекеттик компаниясынын директору Салайдин Авазовго 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Айыптоочу тарап камакка алынышын талап кылбаган жалгыз фигурант мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев эле. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айыппулду төлөөгө милдеттендирилген жана 3 жыл мөөнөт менен мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова дагы күнөөлүү деп табылып, 3 млн сом айыппулга жыгылган.

Айыптоочу тарап мамлекеттик «Электр Станциялардын» мурдагы башчысы Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди жаңыртуу боюнча башкаруу топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча 11 жылга эркинен ажыртууну суранган. Сот аларды күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыраткан. Алар жаза мөөнөтүн ТИЗОдо өткөргөндүктөн, сот залынан бошотулган.

Ал эми Исаков өзү авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында чыккан деп бир нече жолу айткан. Бирок депутаттар комиссия түзүп, жылуулук борборунун модернизациясы жаңыртуунун баасы кымбаттатылган деген корутунду чыгарган. Исаков 5-октябрдагы башаламандыктардын шартында эркиндикке чыгып, ошол бойдон абакка кайтып келген эмес. 26-октябрда ЖАМК Исаковго эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.

2021-жылдын февраль айынын аягында Исаков Россияда экенин билдирген. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп чет жакка чыгып кеткендигин билдирген.