Сапар Исаков: Өмүрүмө коркунуч жаралган үчүн чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгом

Сүрөт: Сапар Исаковдун фейсбук баракчасынан алынды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков чет өлкөгө өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп чыгып кеткендигин билдирди. Ошондой эле, ал фейсбук баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Кайрылууда Исаков өзүнө карата мурдагы бийлик тарабынан «саясий куугунтук» болгонун белгилеп, «далилсиз камалдым» деп айтты. Мындан сырткары мурдагы премьер-министр сот процесстери ачык өтүшүн талап кылды.

«Азыркы убакытка чейин байлыктарымды, же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын, же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алышкан жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет. Тилекке каршы азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда», — деп жазган Исаков.

Ошондой эле, Исаков адилеттүү соттук териштирүүнүн натыйжасында ага карата коюлган айыптар төгүндөлөт деп ишенет. «Ошол убактагы чыныгы коррупционерлер, ЖЭБдин авариясына чыныгы күнөлүүлөр ачыкка чыгат» деген ал.

Ал эми социалдык тармактагы өзүнө карата «таза эмес болгон үчүн качып кетти» деп айтылган пикирлерге «өмүрүмө коркунуч жаралган үчүн чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгом» деп жооп берген. Бирок Исаков кайсы өлкөдө экендигин ачыктаган эмес.

«Мени “качып кетти, таза болсо качпайт эле” деген ар кандай каралоолор болуп жатат. 9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, менин унаама ок атылгандыгы баарына белгилүү. Жакынкы арада акыйкаттык орноп, сөзсүз Кыргызстанга кайтып келем деп толук ишенем», — деген ал.

*2020-жылдын 9-октябрында [парламенттик шайлоого нааразы болгон митингден кийин] мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков унааларына ок атылгандыгын маалымдашкан. Атамбаев муну «атайын пландаштырыган кол салуу болгон» деп сыпаттаган.

Сапар Исаков буга чейин да «эртели-кеч акыйкат орнойт» деп кайрылуу жасаган болчу. Ал мындай билдирүүнү ЖАМК тарабынан издөөгө жарыялангандан төрт ай өткөндөн кийин фейсбук баракчасына жазган. Ошондой эле, ал бул постунда локация катары Орусиянын Москва шаары көрсөткөн. Анткен менен, Исаков өзү так кайда экенин жазган эмес.

Мындан сырткары, экс-премьер бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду убагында кызматтан «ууру» болгондугу үчүн алганын белгилеген.

«Раимбек Матраимовдун ууру экенин 2017-жылы тактап, кызматтан алгам. Азыр уурулугу такталып камакка алынды, учур, убакыт баарын өз ордуна коёт», — деген ал.

*Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Сапар Исаков — Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштеринде коррупцияга тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын апрель айына чейин премьер-министр болгон.

Исаков өткөн жылы 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган. Ал күндөрү парламенттик шайлоого нааразы болгондор Ак үйдү басып алгандан кийин, абактагы бир нече саясатчылар чыгарылган.

Андан соң саясатчылардын айрымдары кайра түзөтүү мекемелерине кайтарылган болчу. Бирок Исаков кармалып жаткан абакка кайтып барган эмес. Ал Молдовановка айылындагы №27 колонияда болчу. Кийинчерек өткөн жылдын 26-октябрында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Исаковго эл аралык издөө жарыялаган.

Исаков буга чейин Франциядан башпаанек сураганы маалымдалган. Анткен менен анын жактоочусу Замир Жоошев башпаанек окуясы тууралуу жана кардары кайда экени боюнча кабары жок экенин айткан.

Тема боюнча:

Сапар Исаков: Матраимовдун уурулугу такталып камакка алынды, убакыт баарын өз ордуна коёт