Баткен: 40 тонна күйүүчү майды Тажикстанга ташууга аракеттенген айдоочулар кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунда чек арадан күйүүчү майды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген төрт жүк ташуучу унааны кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 3-мартта билдирди.

«Кармалган автоунаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон», — деп берилет атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан сырткары кармалган унаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгон, ал эми аны жашыруу үчүн айдоочулар Кыргызстандын мамлекеттик номурларын колдонгон.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандан мунайды жана мунай заттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган.

Өкмөт бул чечим мунайга жана мунай заттарына болгон бааны ички рынокто турукташтыруу максатында кабыл алынганы менен түшүндүргөн. Чектөө ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Күйүчү майдын тартыштыгышы жана баасынын өсүшү

Мунай сатуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйында күйүүчү майдын баасы бул айда 8 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деп божомолдогон.

Эшатовдун айтымында, 2021-жылдын башынан бери Орусиянын нефть иштетүүчү заводдорунда бензин жана дизель отунун дүң сатууда коюлган баа кымбаттаган. Мындайча, 1 литр бензиндин баасы 67%га, же 14 сомго, ал эми дизель 31%га, же 8 сомго кымбаттаган.

«Мындан тышкары, 2021-жылдын башынан бери Казакстан Кыргызстанга мунай заттарды экспорттоону бир тараптуу токтоткон. Буга чейин 2020-жылдын май айынан бери мунай зат экспортуна уруксат берилген. Анын үстүнө, Казакстандын өзүндө азыр дизель отунунун таңкыстыгы жаралып, бул мунай заттын баасы өскөнү байкалууда. Натыйжада бизде да дизелдин баасы 5 сомго кымбаттаган», — деди Эшатов.

Эшатов күйүүчү майдын баасы сом девальвацияга кабылганына байланыштуу жогорулап жатканын белгилеген — 1 литр 6-7 сомго кымбаттаган.

Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги байкалууда. Баткен облусунун Исфана шааарынын жашоочуларынын айтымында, ушул тапта аталган аймакта бензиндин баасы 50 сомго чейин жеткен. Көпчүлүк май куюучу жайларда күйүүчү май жоктугунан узун кезектер пайда болгон.