Өкмөттүн маалымат кызматын Толкун Камчыбекова жетектейт

Толкун Камчыбекова

Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы болуп Толкун Камчыбекова дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 3-мартта кол койду.

Камчыбекова буга чейин «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы болуп иштеген. Ал «Клоопко» курган маегинде «Кыргызалтында» беш жыл иштегенин билдирди.

«Мен “Кыргызалтында” 2015-жылдын апрелинен баштап, 2020-жылдын ноябрына чейин маалымат катчы болуп иштегем. Быйыл 3-марттан баштап өкмөттүн маалымат менен камсыздөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалдым», — деди ал.

Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматын Бакыт Рысалиев жетектеп келген.