Оштогу «Ала-Тоо» кафеси толугу менен күйүп кетти — жабыркагандар жок

Ош шаарындагы Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Ала-Тоо» кафеси толугу менен күйүп кетти. Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрилиги өрт 4-мартта таңкы саат 03:38де чыкканын маалымдашты. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн төрт бөлүм, ИИМден 2 бригада тартылган.

«Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт эки саатта толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзөт», — деп билдиришти ӨКМден.

Учурда өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталып жатат.

Буга чейин өткөн жылдын 4-августунда шаардагы Исхак Раззаков көчөсүндө жайгашкан Ак-Шумкар кафесинен өрт чыккан. Тилсиз жоо аябай бат тутанып, имараттын экинчи кабатынан чыгып башка жерлерге жайылган. Өрт дээрлик бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.