Жетекчисин коркутуп кызмат талап кылган киши кармалды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкери жетекчилигин компроматты чыгарам деп коркутуп, кызматка дайындоону талап кылган. Учурда шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилгенин УКМК кабарлады.

«Шектүү [КУЭТ] жетекчилигине Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка жогорку кызмат адамдары аркылуу кысым көрсөтүп, компаниянын филиалдарынын бирине директор кылууну талап кылган. Тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп маалымдады УКМК.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому — энергетикалык компания, «Улуттукэнергохолдингдин» «уялашы». КУЭТ электр станциялар иштеп чыккан электр кубатын жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу бүткүл Кыргызстандын аймагындагы таркатуучу компаниялар менен ири өндүрүш колдонуучуларына чейин жеткирет.

КУЭТ 2001-жылы «Кыргызэнерго» акционердик коому кайрадан түзүлгөндөн кийин пайда болгон.

Ошондой эле, КУЭТ Кыргызстандын улуттук энергосистемасы тарабынан борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкарууну ишке ашырган тутумдук оператор болуп саналат. Компаниянын өлкө боюнча 7 филиалы бар.