«Жылаңач сүрөтүңдү туугандарыңа жөнөтөм». Ошто аялдан акча опузалаган киши кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Ош шаарында «жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм» деп 26 жаштагы аялдан акча опузалаган киши кармалды. Ош ШИИБи билдиргендей, шектүү аялды «өлтүрөм» деп коркутуп чечиндирип, сүрөткө тартып алган.

Окуя өткөн жылдын октябрь айында орун алган. Шектүү жабырлануучуну «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп чакырып, унаага отургандан кийин бычак такап коркутуп мейманканага алып барган.

«Жабырлануучуну күч колдонуп чечиндирип, сүрөткө жылаӊач тарткан. Андан соӊ “эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке коём” деп акча талап кылган», — деп билдиришти Ош ШИИБиден.

Жабырлануучу Ош шаардык милициясына арыз менен 26-февралда кайрылган. Аталган факт «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 18-февралда Ош облусунун Араван районунда жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутунду берүү үчүн «сый акы» талап кылган cоттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалган.

Райондук милицияга кайрылган тургун аталган кызматкер андан корутунду үчүн 1 100 сом алып, дагы кошумча 3 000 сом акча талап кылып жатканына даттанган.

Аталган факты «Мыйзамсыз сый акы талап кылуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.