Араван: Зордуктоо фактысы боюнча корутунду үчүн «сый акы талап кылган» экспертиза кызматкери кармалды

Ош облусунун Араван районунда 18-февралда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Ал жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутунду берүү үчүн «сый акы» талап кылууга шектелүүдө.

ИИМдин маалыматына ылайык, райондун тургуну милицияга кайрылып, аталган кызматкер андан корутунду үчүн 1100 сом алып, дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылып жатканына даттанган.

Аталган факты ИИМдин Ош шаарындагы тергөө кызматында «Мыйзамсыз сый акы талап кылуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан кийин милиционерлер кызматкер өзүнүн таанышы аркылуу жабырлануучунун туугандарынан накталай акча алып жаткан учурун видеого тартып алышкан.

Окуядан соң милиция кызматкерлери медэкспертиза кызматкерин жана анын таанышын да кармашкан. ИИМ аталган кызматкер буга чейин да «укукка каршы аракети» үчүн жоопкерчиликке тартылганын белгиледи.

Жашы жете электерге карата зомбулук

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (азыр Саламаттык сактоо министрлигине кошулган - ред.) 2019-жылы үймө-үй кыдырып текшерүүдө 10-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталганын билдирген.

Аталган фактылар эч жерде катталбаганы белгилүү болгон. Ал эми 2020-жылдын төрт айында эле жашы жете электерге карата 24 зордуктоо фактысы катталган.

Ал эми Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2 462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36сы өзгөчө оор жана 2 248и жеңил.

Кылмыштардын 222 учуру жыныстык зомбулук болуп саналат. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз бар экенин билдирген.

Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийинки орунда 33 учур менен Бишкек шаары турат.