COVID-19дан эки киши каза болуп, 41 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 5-мартта өлкөдө коронавирустун 41 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында бир медициналык кызматкер бар.

Коронавирустун эң көп учурлары Бишкек шаарында катталды — 17. Ошондой эле Чүй облусунда тогуз, Ысык-Көл облусунда жети, Жалал-Абад облусунда үч, Нарын жана Баткен облустарында экиден, Ош шаарында бир кишиде COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 49 бейтап айыкты — алардын ичинде бир медкызматкер бар.

COVID-19дан Чүй облусунда — 13, Бишкек шаарында — 12, Нарын облусунда сегиз, Баткен облусунда төрт, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарында үчтөн, Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунда бир бейтап айыкты.

Мындан сырткары оорудан Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 451ге жетти. Алардын ичинен 83 424 бейтап айыгып, 1 470 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 359 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 17 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 259 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.