Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 5-мартта кабарлады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен.

Бузурманкулов деген ким?

Бузурманкулов жарандык активист катары Талас облусундагы «Жерүй» алтын кени тууралуу маселени бир нече жолу көтөрүп чыккан.

2020-жылдын октябрь айында, өлкөдө жапырт кадрдык алмашуулар болуп жаткан убакта Талас облусунун башчысы болуп дайындалган.

Экс-облус башчысы, Төрөхан Жунусбеков, Мелис Аспеков жана башка өзүн мекенчилбиз деп атаган активисттер менен бирге 2019-жылдын 3-декабрында өткөн «Феминале» көргөзмөсүнө каршы нааразылык акциясына катышкан.

Мындан тышкары, Бузурманкулов «Жаңы Муун» кыймылынын лидери. Ошондой эле, 2020-жылдын башында ал курултай сыяктуу кеңешме органынын түзүлүшү үчүн элдик курултайда чыгып сөз сүйлөп, конституциялык реформаларды ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө өз пикирин жактаган.