Баткен: Өзбекстандыктар такталбаган аймакта айдоо иштерин жүргүзүүгө аракеттенди

Иллюстративдик сүрөт

Өзбекстандын жарандары 6-мартта Баткен районундагы Сай айылына караштуу Кайрак жерлигинде такталбаган чек ара тилкесинде трактор менен айдоо иштерин жүргүзүүгө аракеттенди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Айдоо иштери жүрүп жаткан жерге Сай айылынын 20-25 тургуну барып, өзбекстандыктардан жумушту токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Сай айылынын башчысы жана Чек ара кызматынын 2023 аскер бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

«Бул боюнча Сай айылынын башчысы жана чек арачылар, Өзбекстандын Сох районунун тийиштүү аймактагы чек ара өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү», — деп билдирди Бердикулова.

Өткөн жылдын май айында Кадамжай районунун Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары Чечме булагын талашып чырдаша кеткен. Тургундардын ортосундагы кайым айтышуу таш ыргытууга, үйлөрдү өрттөөгө жана унааларды талкалоого айланган.

Анын кесепетинен 25 кыргызстандык ар кандай жаракаттар менен Айдаркен шаардык ооруканасына түшкөн, ал эми Өзбекстандын бийлиги чырдан Сох анклавынын 187 тургуну жарадар болгонун кабарлаган.