«Биримдиктен» талапкер болгон Бакытбек Нарбеков Талас облусун жетектейт

Бактыбек Нарбеков өкмөттүн Талас облунунун ыйгарым укутуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

Нарбеков буга чейин президенттин жана парламенттин иш башкармалыктарында бөлүм башчы болуп эмгектенип келген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде 112-катарда депутаттыка аттанган.

Талас облусунун мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал мамлекеттик банктардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсү болду.

Айбек Бузурманкулов жарандык активист катары таанымал. Ал өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин дайындалган.