Өлкөдө коронавирустун 23 жаңы учуру катталды — анын 16сы Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-мартта өлкөдө коронавирустун 23 жаңы учуру катталганын маалымдады. Илдеттин жаңы учурлардын 16сы Бишкек шаарында катталды.

Мындан сырткары Ысык-Көл облусунда беш, Жалал-Абад жана Чүй облустарында бирден кишиден COVID-19 аныкталды. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 86 606га жетти.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 31 бейтап айыкты. COVID-19дан Бишкек шаарында — 20, Чүй облусунда сегиз, Нарын облусунда эки жана Ош облусунда бир бейтап айыкты. Жалпысынан COVID-19дан 83 606 киши айыкты — бул жалпы оорулуулардын 96,5 пайызы.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан Бишкек шаарында эки киши каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 475ке жетти.

Бүгүнкү күндө илдеттен 330 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 14 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 256 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.