«Майрамга чектөө коё албайт». Муфтияттан 8-мартты белгилөө ар кимдин өз ыктыяры дешти

8-март, Ош шаары. Аялдардын укуктарына арналган тынчтык жөө жүрүшү. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Соцтармактарда 8-март Аялдардын эл аралык майрамын сындаган молдонун тасмасы тарады. Анда ал мечитте чогулган кишилерге «8-март — оронгондордун баарынын үстүндөгү кийимдерин чечтирип, өрттөлгөн күн» деп айткан.

«Сиз аялыңызга айттыңыз “8-мартың менен!” деп. Бул эмне деген маселе? Бул “исламдын эң чоң парзы болгон хиджаб оронуу, өзүн жашыруу, реклама болбоо парзы талкаланган күн сага кут болсун!” деген маселе. “Диндүүлүктөн динсиздикке түшүү сага кут болсун” деген маселе чыгат. Чечим өзүңүздөрдүкү, өзүңүздөр каалаганыңарды кылыңыздар», — деген ал.

Молдо 8-марттын тарыхын «Огненные дороги» фильмдеги сюжетке байланыштырып айтып жаткан болушу ыктымал. Аталган фильмде өзбек поэти, коомдук ишмер, революционер Хамза Хакимзада Ниязи аялдарга 8-март майрамы бар экенин айтып, «эски түшүнүктөрдөн бүтүндөй арылуу үчүн» паранжаларын чечүүнү суранган.

Фильмде бир нече аял паранжаларын чечип отко ыргытышкан. Ал эми алардын бири ортого чыгып аялдарды «караңгылыктан чыгууга, билим алууга» чакырган.

«Таң сыяктуу ачык бол … Илимдин, искусствонун эшиктерин ач! Баары үчүн татынакай бол!» — деген тасмадагы кыз.

Андан кийин кыздар четинен жүздөрүн ачышып, өзбек бийин бийлешкен. Ал учурда бир топ эркек кишилер бийлеп жаткан аялдардын жоругун «уят» деп, аларга кол салууга аракет жасаган.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан майрамды сындаган молдонун окуясы 2019-жылы Ош облусунун Араван районунда орун алганын билдиришти. Басма сөз катчы Максат Атабаевдин айтымында, тасмадагы киши имам эмес жана муфтиятка тиешеси жок.

Ошондой эле ал маал-маалы менен жер-жерлерде бул маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрүн айтты.

Мындан сырткары Атабаев муфтият өлкөнүн календарында кызыл күндөр менен белгиленген майрамдарга чектөө коё албайт деп кошумчалады.

«Ар бир кыргызстандык майрам күндөрү эс алууга укуктуу. Муфтият мамлекеттин иштерине жана саясатка аралашпайт. Ислам динине таандык Орозо айт жана Курман айт майрамдары бар. Ал эми мамлекетибиз тарабынан бекитилген расмий майрамдарды майрамдоо же майрамдабоо ар кимдин өзүнүн ыктыяры», — деди басма сөз катчы.

8-марттын тарыхы

Буга чейин «Баштан Башта» жарандык кыймылы Аялдардын эл аралык күнүнүн тарыхы боюнча түшүндүрмө жасаган.

Ага ылайык, 1857-жылы Нью-Йоркто 15 миңдей аял жөө жүрүшкө чыгып, жумуш сааттарын кыскартууну, аларга эркектер менен бирдей эмгек акы төлөөнү талап кылышкан.

Мындай окуя 1908-жылы да кайталанган. Ал эми профсоюздук кыймылдардын иш-аракеттеринин натыйжасында 20-кылымдын башында Аялдардын улуттук күнү пайда болгон. Ал эми аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын II Эл аралык конференциясында кабыл алынган.

8-март майрамы 1975-жылы БУУ тарабынан таанылган.

Аялдардын эл аралык күнүнүн тарыхы боюнча кененирээк «Азаттык» үналгысы даярдаган материалдан окуй аласыздар:

8-март: Тарых барактары