ЖМК: Экс-бажычы Райымбек Мараимовдун жүрөгүнө жеке клиникада операция жасалат

Райымбек Матраимов УКМКнын имаратына алып келинүүдө

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө жеке менчик «Бикард» кардиологиялык клиникасында операция жасалат. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына аталган клиниканын өкүлү Елена Баялинова маалымдады.

«Матраимовдун жүрөгүнүн кан тамырларына скальпельсиз — инвазивдүү операция жасалат. Ал ооруканага айрым кан айлануучу органдарынын иши бузулган абалда келген. Ошондой эле, учурда дарыгерлер Матраимовдун бөйрөгүнө да кароо жүргүзүшүүдө», — деп билдирген Баялинова.

Мындан бир апта мурун «Бикард» клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов Матраимовдун абалы турукташпай жатканын айтып, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керектигин кошумчалаган.

Матраимов үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан тарта УКМКнын тергөө абагында кармалып турган. Атайын кызмат аны экинчи жолу кармап, Матраимов «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталганын билдирген. Бирок, 24-февралда Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп ооруканага жаткырылганы кабарланган. УКМКдан экс-бажычынын абалы тууралуу жана ал эмне үчүн жеке клиникага жаткырылганын түшүндүрүшкөн эмес.

Райымбек Матраимов

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Ошондой эле, Матраимов «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өткөн. Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.

Тема боюнча:

Райымбек Матраимов жеке клиникада жүрөгүн дарылатууда