Таластын жаңы башчысы 20 жылдай ээлик кылган турфирмасын «жашырып» койгон — Factcheck.kg

Factcheck.kg басылмасы өкмөттүн Талас облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун 2002-жылдан тарта турфирмага ээлик кыларын жана аны декларациясында көрсөтпөгөнүн аныктады.

Облус башчысынын турфирмасы

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, «ВОТ-TUR» (“БОТ-ТУР”) ЖЧКсы 2002-жылы февралда түптөлгөн. Бакытбек Наркулович Нарбеков анын жалгыз негиздөөчүсү жана директору. Компания «туризм агенттиктеринин башка ишмердиктери» менен алектенет.

«ВОТ-TUR» турфирмасынын ИНН көрсөтүлбөгөнүнө байланыштуу бюджетке төлөгөн салыктары тууралуу маалымат жок.

Облус башчысынын декларациясы

Ачык булактарда Нарбековдун 2015 жана 2016-жылкы декларациясы гана көрсөтүлгөн.

2015-жылы анын кирешеси 579 миң сомду (айына 48 миң сом) түзгөн. Ал эми «жакын тууганы» 100 миң сом гана тапканы тууралуу маалымат бар, журналисттер бул жакын тууганы Нарбековдун аялы болушу мүмкүн деп божомолдошот.

«Документке ылайык, экөөндө тең турак-жай да, унаа да жок эле» — деп журналисттер белгилешти.

2016-жылы Нарбековдун кирешеси 557 миң сомду түзгөн. Декларацияда 2004-жылы чыккан Тойота-Кемри үлгүсүндөгү унаа көрөтүлөт. Ал эми жакын тууганынын кирешеси өзгөрүүсүз 100 миң сом бойдон калган.

Журналисттер Нарбековдун башка мүлкү, анын ичинде бизнестеги үлүштөрү тууралуу маалымат таба алышпаганын белгилешти.

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматты аркалап, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып аткан учурда, аткаминерлерге коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат. Алар кызматка киришкен соң, компанияларын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берип, коммерциялык ишмердүүлүгүн токтотууга тийиш.

Мындан тышкары, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер жылдык декларациясында компаниялардын же алардагы акцияларын чыныгы ээси экенин көрсөтүүгө милдеттүү.

«Бакытбек Нарматов “БОТ-ТУР” ЖЧКсы түзүлгөн учурда кандай кызматты ээлегени белгисиз, бирок компания бүгүнкү күнгө чейин ишин токтотуу же кайра каттоодон өткөрүү жол-жобосунан өтпөгөндүктөн, ал жарактуу деп эсептелет — деп журналисттер белгилешти.

Нарбековдун карьерасы

Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 9-мартта дайындалган.

Нарбеков буга чейин президенттин жана парламенттин иш башкармалыктарында бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде 112-катарда депутаттыка аттанган.

Нарбеков 2015-жылы да парламенттик шайлоого катышып, «Бир Бол» партиясынын тизмесинде 89-катарда болчу. Ошол учурда ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.