УКМК коомдук кырдаалды туруксуздаштырууну пландаган ЭТУ мүчөлөрүн кармады

УКМК 5-мартта эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу атайын кызмат 9-мартта маалымдады.

Маалыматка ылайык, кармалган топтун айрым мүчөлөрү ЭТУ лагерлеринде атайын даярдыктан өтүшкөн. Ошондой эле, алардын максаты Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин куралдуу жихадды жайылтуу болгон деп маалымдады УКМК.

«Жаранды диний негизде өлтүрүү үчүн колго жасалган жарылуучу зат жана ок атуучу куралды колдонууну пландаштырышкан. Кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди», — деп билдирди атайын кызмат.

Буга чейин өткөн жылдын 20-декабрында Баткен облусунан ЭТУнун 38 жаштагы активдүү мүчөсү кармалган. Шектүүнү тинтүү учурунда анын жанынан ок-дарылары менен курал, байланыш каражаттары жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылган.