Болот Темиров: Өмүр бою абакка кесилген Жаныш Бакиев Алматыда болгону чын

Журналист Лейла Саралаева фейсбукта «Достык Плаза, Алматы, бүгүн. Бакиевдер келе жатат!» деген жазуу менен 10-мартта сүрөт жарыяланды. Анда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге түспөлдөш кишини көрүүгө болот.

Прислали фото. Достык Плаза, Алматы, сегодня. Бакиевы возвращаются!

Опубликовано Лейлой Саралаевой Среда, 10 марта 2021 г.

Factcheсk.kg басылмасынын негиздөөчүсү Болот Темиров сүрөттүн кайда тартылганын жана анда ким болгонун иликтеп көрдү. Темиров сүрөт чындыгында Казакстандын Алмата шаарындагы «Достык Плаза» соода борборунда тартылганын билдирди.

«Лифттин дубалында коронавирус тууралуу эскертүүлөр жазылган маалымат кагаздарын көрүүгө болот. Чындыгында бул расмий түрдөгү графикалык плакаттар. Үстү жагында Казакстандын мамлекеттик органдарынын аттары жазылган. Саламаттык сактоо министрлигинин фейсбуктагы баракчасында бул эскертүүлөр 2020-жылдын 27-январында пайда болгон. Демек биз мындан дароо эки тыянак чыгарсак болот. Биринчиси сүрөт Казакстанда тартылган жана бул сүрөт өткөн жылдын январь айынан кийин тартылган десек жаңылышпайбыз», — деди Темиров.

Ошондой эле журналист Жаныш Бакиев чындыгында эле коңшу өлкөдө болгонун тастыктады. Мунун себебин Бакиевдер Интерполдун издөөсүндө жок болгону менен байланыштырды.

«Социалдык тармактардан дал ушул борбордо тартылган сүрөт таап ага салыштырабыз. Таблосу жана баскычтары бар панель бирдей жайгашкан. Жанында ошол эле бийиктикте лифти колдонуу эрежелери турат. Лифттеги плиталардын өлчөмдөрү да дал келүүдө. Чындыгында лифттин мындай модели Алматыдагы соода борборунда орнотулган. Чач бөлүгү дал келүүдө, кулак түзүлүшү да бирдей. Ошондой эле бетиндеги тактары да окшош. Демек бул мурдагы президенттин иниси экендиги чындык жана Жаныш Бакиев Алматыдагы «Достук Плаза» соода борборунда болгону чындык», — деп түшүндүрдү Темиров.

Жаныш Бакиевдин жубайынын Кыргызстанга килиш

2021-жылдын 27-январында ырчы Айчүрөк Султанова фейсбук барагына Жаныш Бакиевдин колуктусу Орозгүл Токторбаева менен түшкөн сүрөтүн чыгарган. Бирок Султанова көп өтпөй сүрөттү өчүрүп койгон.

«“Достор” тобунун ажарлуу, мээримдүү досубуз Орозгүл Токторбаева келип, кубанычыбызда чек жок. Жакшы долбоор менен келди. Ишине ийгилик!» — деп жазган Султанова.

Орозгүл Токторбаева акыркы жылдары Жаныш Бакиев менен Минск шаарында жашап жүргөн. Алардын эки баласы бар.

Жаныш Бакиев — Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин иниси. Ал өлкөнү агасы башкарып турганда Мамлекеттик күзөт кызматын башкарган.

Сот 2013-жылы 2010-жылдагы апрель революциясында кулатылган президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.

Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сот оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн Жаныш Бакиевди «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыраткан.

Учурда бир тууган Бакиевдер Беларуста жашайт — аларды Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, Курманбек Бакиевдин үзөңгүлөшү Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий) жетектеген БУБК компаниясы менен байланыштырып келишет. «Урицкий» Данияр Үсөнов экенин танып жүргөнү менен Беларустун президенти Александр Лукашенко аны Данияр деп атап, кыргыздар тууралуу айтып жүргөнү бар.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.