«Колу-бутун кайрып алып келишти». Референдум өткөрүү мыйзам долбоору 2-3-окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары 11-апрелде Конституция кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап жактырышты. Эми президент Садыр Жапаров гана кол коюшу керек.

Жапаров бийликке келгенден тартып жаңы Баш мыйзам кабыл алуу керектигин айтып келген. Ошондой эле ал сунушталган Конституциянын долбоорунун демилгечилеринин бири.

Жыйынга 100 депутат катталып, анын ичинен 94 депутат «макул», ал эми 6 депутат «каршы» добуш берди.

Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу демилгесин негизинен оппозициячыл депутаттар колдогон жок. Алар Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Бакытбек Жетигенов, Чынара Урумкалиева.

Депутаттардын арасында кесиптештери үчүн добуш бергендер да болду. Алардын бири депутат Эрмамат Тагаев — ал 10-марттагы жыйында да өзүнөн башка кишиге добуш берүүгө үлгүргөн.

24.kg басылмасы добуш берүүдө 100 депутат катталганы менен факт жүзүндө 83 эл өкүлү катышканын жазды.

Депутат Жанар Акаев эл өкүлдөрүн «колу-бутун кайрып алып келишти» деди. Ал кечинде жана эртең менен Оштон бир топ депутаттар келгенин жада калса абакта болгон Дүйшөн Төрөкулов үй камагына чыгып жыйынга катышканын белгиледи. Анын айтымында, добуштар репрессивдик түрдө коркутуу менен алынды.

«Ушул жерде мына бир дагы мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда, бюджет каралып жатканда, өкмөттүн отчёту болуп жатканда мынча депутат келбейт. Бүт баарынын колу-бутун кайрып алып келишти. Мына бул жерден кечээ бир депутат каршы берем деп жаткан, атын айтпай эле коёюн. Түнү менен бийлик, күч органдары ага дагы телефон чалышып, “сенин туугандарың ушул кызматтарда иштейт, алардын баарын кызматтан алабыз” деп репрессивдик түрдө ушинтип коркутуп [добуш] алышты. Бүт мына бизнеси жок, тууган-уругу мамлекеттик кызматта иштебеген гана депутаттар калдык», — деп түшүндүрдү Акаев.

Акаев «баш мыйзамды колдоп бергиле, 80дан ашпай калса уят болобуз, орусча айтканда провал болгону калды» деп презизденттин тегерегиндеги адамдар чалганын айтты.

Ал эми депутат Бактыбек Турсункулов референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун кароодо бузуулар болгон жок деди.

«Регламент бузулган жок, шарттары менен комитеттерден өттү, талкуу болду. Мына кечетен бери канча журналисттер турасыңар. Жок депутаттарга сын-пикирлер түштү эле баары келип берди, мына абакта жаткандар да келди», — дейт Турсункулов.

Буга чейин юристтер жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун кароодо жана биринчи окууда кабыл алууга бир топ мыйзам бузуулар орун алганын айтышкан. Негизинен эксперттер Баш мыйзам шашылыш өзгөртүлүп жатканын, чынында коомдук талкуу болбогонун жана бул демилге элдин талабы эместигин белгилешкен.