Жапаровго жана дагы алты талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылды — БШК

2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан жети талапкерге бир миллион сомду түзгөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилди. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, төмөнкүлөргө шайлоо күрөөсү кайтарылды:

  • Садыр Жапаровго 1 000 000 сом;
  • Арстанбек Мыктыбекке 1 000 000 сом;
  • Клара Сооронкуловага 1 000 000 сом;
  • Имамидин Ташов 1 000 000 сом;
  • Абдил Сегизбаев 1 000 000 сом;
  • Адахан Мадумаров 1 000 000 сом;
  • Бабур Төлбаев 1 000 000 сом.

БШК шайлоо күрөөсү шайлоочулардын 1%дан көп добушун ала алган талапкерлерге гана кайтарылганын белгиледи.

«Добуштардын 1%дан азын алган башка талапкерлердин жана шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткан талапкердин 11 миллион сомдук шайлоо күрөөсүнүн калган суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине которулган», — деп БШК кошумчалады.

Президенттик шайлоо

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жеткен. Ал шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон. Ал эми 20-январда БШК шайлоонун жыйынтыгын таанып, 28-январда Жапаров расмий түрдө мамлекет башчысынын кызматына киришкен.

Президенттик шайлоо өлкөдөгү 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин натыйжасы. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында «барымтага алуу» үчүн 10 жылдык абак жазасын өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Тарапташтарынын жардамы менен, Жапаров кыска мөөнөттө эле өкмөт башчысынын, андан кийин президенттин милдетин аткаруучусунун кызматын ээлеген. Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Мисалы, УКМКнын башчысы катары Жапаровдун досу жана үзөңгүлөшү — Камчыбек Ташиев дайындалган. Жапаров шайлоо алдындагы үгүт кампаниясын баштаганда, президенттин м.а. кызматын Жапаровдун дагы бир үзөңгүлөшү — Талант Мамытов ээлеп калган.

Кадрдык алмаштыруулардан тышкары, Жапаров башкаруу формасын тандоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн негизги демилгечилеринин бири болгон.

Бул эки демилге тең юристтер жана коомчулук тарабынан сынга алынган. Буга карабастан, Кыргызстанда башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда — президентти шайлоо менен чогуу бир күндө өткөрүлгөн. Боршайкомдун алдын ала маалыматтары боюнча, шайлоочулардын көбү башкаруунун президенттик формасына добушун беришкен.

Эми кыргызстандыктар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 2021-жылдын 11-апрелинде, жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен чогуу бир күндө барышат.