Бир айда АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы өлкө боюнча 11,5%га өстү — Улуттук статком

Улуттук статистика комитети АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы бир айда канчага өскөнү боюнча салыштырмалуу маалыматы менен бөлүштү.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, баалардын мониторинги 11-мартка карата АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы февралга салыштырмалуу республика боюнча орточо 11,5%га өскөнүн көрсөткөн. Андан тышкары, ушул эле убакыт аралыгында дизелдин баасы 7,2%га жогорулаган.

Статкомдон белгилешкендей, 11-мартка карата баалардын эң жогорку өсүшү өткөн жылдын 11-февралына салыштырмалуу Покровка айылында (18,6%), Талас (16,8%), Кербен (14,4%) жана Баткен (14,1%) шаарларында катталган.

Дизель күйүүчү майынын баасы Кара-Балта (12,8%), Баткен (12,5%) шаарларында жана Покровка айылында (11,3%) эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

Дагы окуңуз: Бензиндин баасы дагы 7-10 сомго кымбаттайт — энергетика министринин орун басары

Баа өсөт

9-мартта Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасы жакын арада өсөрүн билдирген.

Кадырбаев нефтетрейдерлердин маалыматына таянып, 2021-жылдын январь-февраль айларында Орусиянын нефтини иштетүүчү заводдорунда баалар 1 тонна бензин үчүн 100-150 АКШ долларына, ал эми дизель майыныкы 1 тоннасы үчүн 40-60 АКШ долларына көтөрүлгөнүн айткан.

«Ошондуктан жакын арада бензиндин баасы дагы 7-10 сомго, дизелдики 3-4,8 сомго өсөт», — деген ал.

2-мартта өкмөт башчысы Улукбек Марипов, Кыргызстандан мазуттан тышкары мунай заттардын бардык түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. Тыюу ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Андан соң Марипов өлкөдө күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасынын өсүшү боюнча пикирин билдирген. Марипов күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасын турукташтыруу жана таңкыстык жаралбашы үчүн өкмөт бардык керектүү чараларды көрө турганын убада кылган. Ошондой эле, Мариповдун айтымында, эгер бааларды турукташтыруу мүмкүн болбосо, кыргызстандыктар үчүн айыл-чарба продукциясы кымбаттап кетет.