Кожентте кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат — УКМК

15-18-мартта Тажикстандын Согду облусунун Кожент шаарында чек ара маселелерин талкуулоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен жолугат.

«Бул атайын кызматтын башчысы катары алардын биринчи жолугушуусу болуп саналат, ошондуктан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары, эки тараптуу кызматташуунун алкагында башка дагы актуалдуу маселелерди талкуулоо пландалган», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Чек ара маселелеринен тышкары, Ташиев Ятимов менен эки өлкөнүн коопсуздугуна келтирилген коркунучтарга биргелешип каршы туруу маселелерин да талкуулайт.

Чек ара маселеси

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы талаш-тартыш көп жылдардан бери бүтпөй келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек арасында 12 жаңжал катталган. Анын ичинен 9 окуя кыргыз-тажик чек арасында болгон.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, анын ичинен 519 километри боюнча делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү такталбаган бойдон калууда. Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.