Өлкөдө коронавирустун 67 жаңы учуру катталды — анын 43ү Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-мартта өлкөдө коронавирустун 67 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында бир медициналык кызматкер бар.

COVID-19 инфекциясы Бишкек шаарында — 43, Чүй облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда төрт, Ош шаарында үч жана Жалал-Абад облусунда бир кишиден аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 39 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 16, Ысык-Көл облусунда сегиз, Чүй облусунда жети, Жалал-Абад облусунда алты, Ош шаарында жана Нарын облусунда бирден бейтап айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 9147ге жетти. Алардын ичинен 83 875 бейтап айыгып, 1 483 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 345 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 17 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 275 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.