Жалал-Абад: Май куюу бекетинин кызматкерин сабаган милиционер 3,5 жылга кесилди

«Справедливость» укук коргоо уюму Жалал-Абад облсоту милиция кызматкерин жана дагы үч кишини «Бейбаштык» беренеси боюнча беш жылга кескенин маалымдады. Алар 2019-жылы Кербен шаарында май куюу бекетинин администраторун сабап салышкан.

Мунапысты эске алганда соттолгондордун жаза мөөнөтү үч жарым жылга кыскартылган. Мурда Аксы райсоту аталган иш боюнча айыпталгандардын төртөөнү тең 5 жылга эркинен ажыратып, бирок «Жеңиштин 75 жана Апрель ыңкылабынын 10 жылдыгынын урматына» мунапыс берген.

Ур-токмок

2019-жылдын 2-августунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында төрт эркек киши май куюу бекетинин администраторун ур-токмокко алышкан. Бул учур видео-байкоо камераларына түшүп калган, кол салгандардын арасында Аксы РИИББнин кызматкери да болгон.

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгында бул факт КЖБРде катталганын билдиришкен.

«Жергиликтүү милициянын жетекчилиги кол куушуруп олтурат: бул кылмышты иликтөөнүн ордуна, көрмөксөнгө салып коюшту. Катардагы милиция кызматкерлери болгон окуяны катардагы конфликт катары көрсөтүүдө», — деп айтып чыккан ошол кезде жабырлануучунун энеси.

Жабыркагандын бир туугандары арыз жазгандан кийин аларга карата кысым жасалып, кол салгандар жабырлануучу жаткан ооруканага келип, аны «сүйлөшүүгө» чакырышканын билдирет укук коргоо уюму.

«Баарынан дагы, тергөө жүрүп жатканда милиционердин жада калса иштен четтетилбегени ачууну келтирет», — деп белгилешет уюмдан.

Ошондой эле, укук коргоочу уюм ушул эле милиция кызматкери 2016-жылы кербендик дагы бир жигитти кыйноого алганын билдирди. Бирок анда прокуратура кылмыш ишин козгогон эмес.