60 млрд сомду чыгарып кетүү иши: УКМК шектүүгө издөө жарыялады

Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич аттуу кыргыз жаранына издөө жарыяланды. Бул тууралуу 15-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

47 жаштагы кыргызстандык өлкө аймагынан 59,5 млрд сом өлчөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип жатат. Ага карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Издөөгө алынган шектүүнүн жайгашкан жерин билгендер болсо, УКМК аларды нөөмөт бөлүмүн телефондору боюнча байланышка чыгып, маалымат берүүнү өтүнөт.

Издөөдөгү шектүү киши «Асцентура Аудит» компаниясынын директору болуп саналат.

Буга чейин ал адистештирилбеген дүң соода жүргүзүүчү «Рэгал» ЖЧКсынын жетекчиси болуп иштеген. 2020-жылдын 11-августунан тарта «Рэгал» компаниясы ишмердигин токтоткон ишкана катары статусун өзгөрткөн.

60 млрд сомду өлкөдөн алып чыгаруу

2021-жылдын 1-мартында УКМК Каржы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисин коррупцияга шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жана финполдун башка кызматкерлери Кыргызстандан «ири суммадагы акчаларды» адалдаштырып, андан соң чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларды уюштургандар менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан.

«2020-жылдын март айынан октябрь айына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн мыйзамсыз ишмердиктин жыйынтыгында Кыргызстандан 59,5 млрд сом чыгарылып кеткен. Салыктан качуу түрүндө мамлекетке келтирилген зыян алдын ала эсеп боюнча 500 млн сомдон ашышы мүмкүн», — деп билдирген УКМК.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитети финполдун кызмат адамдары мыйзам бузууларга көз жумганы үчүн акча адалдоону уюштургандардан 180 млн сом пара алганын аныктаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-мартта финполдун башкармалыгынын жетекчисинин баш коргоо чарасын кабыл алган. Ал 2021-жылдын 1-майына чейин УКМКнын абак жайында кармоо менен камакта калтырылган.