«Бүтүн Кыргызстан»: УКМК бийликке сын айткан партиянын мүчөсүн кармап кетти

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Бекмурат Ооган уулу 16-мартта фейсбуктагы жазган посту үчүн УКМК тарабынан кармалганын билдиришти. Ооган уулу партияда 10 жылдан ашуун мүчөлүк кылат.

Партиядан активист «бийликке жакпаган пикири үчүн кармалды» деп эсептешет жана муну сөз эркиндигине кысым катары баалашууда.

«“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы бийликти сындаган активисттердин кармалышы боюнча тынчсызданууну билдирет. Аны менен бийликтин саясий өңүттө куугунтук кылуусун токтотууну жана активисттерди бошотууну талап кылат», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Ооган уулу фейсбукта Билал Сапаралиев катары отурган. Ал 15-мартта кармалган активист Тилекмат Күрөңовдун бошотулушун талап кылып постторду жайгаштырып келген. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун аракеттерин сындаган.

24.kg басылмасы өз булактарына таянып активист кармалганын жана аны менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин коё берилгенин жазды.

Атайын кызмат азырынча Ооган уулунун кармалыгын тастыктай элек.

Ал эми 17-мартта оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов дагы бир активист Нурбек Камчы кармалганы тууралуу маалымат алганын билдирди. Анын айтымында, Камчы Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан эмес.

Тилекмат Күрөңовдун кармалышы

Тилекмат Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бишкек ШИИБ билдиргендей,

Күрөңов социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, анын жазгандарында «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

Аталган факт боюнча «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жана «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга ниеттенүү» беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүштөр башталган.

Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында Күрөңов тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан. Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Бишкекте 9-мартта Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алууга каршы митинг өткөрүлгөн. «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов жана Тилекмат Күрөңов бул митингдин уюштуруучуларынын арасында болушкан. Күрөңов митингде модераторлук кылган.

Чогулгандар парламенттин алтынчы чакырылышын таратуу же аларды каржылоону токтотуу талабын да коюшкан. Мындан сырткары митингчилер Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сынга алышкан жана конституциялык реформаны жетинчи чакырылыштын депутаттары гана ишке ашырышы керек болчу деген пикирин билдиришкен.

Тема боюнча: Кармалган активисттин атасы: «Президенттин адамдары кызмат жана акча сунуштады»