Талас облусунда театр үчүн музыкалык жабдуулар кымбат баада алынган — УКМК

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына атайын музыкалык аппаратуралар жогорулатылган баада сатып алынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызматтын белгилегени боюнча, жабдуулардын акысы базар баасынан 10 млн сомдон ашуун кымбат көрсөтүлгөн.

УКМКнын белгилешинче, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу музыкалык драма театрына жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратураларды сатып алышкан.

Жабдуулар Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу актысы менен кабыл алынган.

«Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп белгилешти УКМКдан.

Драмтеатрдын окуясы

Талас облустук Капар Медетканов атындагы музыкалык драма театрынын курулушу 2008-жылы башталган. Бирок каржылоонун жетишсиздигинен улам драмтеатр 2017-жылы гана ачылган.

Ал убакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан театр үчүн 45 млн сом бөлүп берген. Драмтеатрдын ачылыш аземинде президент акчаны «бир бай орустан» алганын айткан.

«Декорацияларына жетпей калса, мен дагы каражат берем. Атамбаевдин фонду башка жактан чогултулат. Ар башка мамлекетте досторум бар. Акыркы 45 миллион сомду деле бир орустун байынан алып келгем. Кыргыздын байлары зыкымыраак, ачык айтканда. Бир тыйын бербейт», — деген Атамбаев.