Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге кол коюлду

16-мартта Кыргызстандын жана Өзбекстандын министрлер кабинеттери Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган документке эки өлкөнүн президенттери «тараптардын чарба субъектилеринин соода, инвестициялык жана финансылык алакаларын тереңдетүү жана кеңейтүүгө өз-ара кызыкдарлыгын эске алуу менен» кол коюшкан.

Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашып, аны Фонддун башкаруу кеңеши жетектейт.

«Фонд өлкө аймагында катталган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине насыя берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу ыкмасы аркылуу Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашырат», — деп билдиришти өкмөттөн.

Фонд төмөнкү тармактар боюнча иштерди каржылайт:

  • агроөнөржай комплекси;
  • тигүү жана текстиль өнөр жайы;
  • кайра иштетүү өнөр-жайы;
  • тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр-жайы;
  • транспорт;
  • турак-жай курулуш;
  • соода;
  • ишкерликти өнүктүрүү;
  • энергетикалык комплекс;
  • инфраструктураны өнүктүрүү;
  • туризмди өнүктүрүү.

Фонддун Уставдык капиталы — $50 млн

Өзбек-Кыргыз фондун түзүү тууралуу келишими 2020-жылдын декабрь айында вице-премьер-министрлер деңгээлинде жетишилген.

2021-жылдын 11-12-мартында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө да талкуулар жүргүзүлгөн.