Жапаров менен Путин Жерүйдө алтын өндүрүүчү комбинатты ишке киргизди

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен бирге Жерүй алтын кениндеги алтын өндүрүүчү ишкананын ачылышына катышты.

Комбинаттын ачылыш салтанатында Жапаров «Жерүй долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу республиканын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот» деп айтты.

*Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетүүнү «Альянс-Алтын» ишканасы мойнуна алган. Ал эми 2015-жылы кенди иштетүү үчүн лицензия аукцион аркылуу «Русская платина» корпорациясынын курамына кирген Орусиянын «Восток-геолдобыча» компаниясына 100 млн долларга сатылган.

Муну менен бирге Жапаров Жерүй кенин иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактап, ишкана жергиликтүү калк менен ар дайым диалогдо болушу зарыл экенин кошумчалады.

«Кыргызстан жалпы тоо-кен өнөр жай тармагынын потенциалын жогорулатууга жана ошондой эле өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн ушул сыяктуу долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп ишендиргим келет. Биз Кыргызстандын рыногуна россиялык инвестициялардын келишине ар дайым кубанычтабыз» — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, ишканада 95% кыргызстандыктар иштейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин кен ишканасынын ачылышына онлайн-форматта катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен Орусия «эң ири биргелешкен долбоорду» ишке киргизгенин белгиледи.

«Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт», — деп билдирди Путин.

Ошондой эле ишкана жылына 5 тоннага жакын алтын өндүрүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Жерүй кениндеги иштин токтошу

Жерүй кениндеги завод 2020-жылдын 6-октябрынан бери иштебей турат. Бийлик алмашып, башаламандыктар болуп турганда, аймактарда белгисиз адамдар Жерүй алтын кенине кирип барып, ал жактагы мүлктөрдү тоноп башташкан. Алар андан соң компаниянын бир имаратын өрттөп, кампаны талап-тоноп, бир унаанын терезелерин чагып салышкан.

Жерүйгө болгон кол салуудан 15 млн доллар чыгым келтирилген. Милиция ишканадагы башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал убакта премьер-министрдин жана президенттин м.а. болуп турган Садыр Жапаров Жерүй жана башка кендердеги тополоңдор өкүнүчтүү экенин айткан, себеп дегенде бул экономикалык кризисти күчөткөн. Анткен менен Жапаров тополоңго жана чоочун мүлктү талкалоого катышкан айылдыктарды коргоого алган.

Кийинчерээк таластыктардын өкүлү инвесторлорго талап койгон: кенди иштетүүдөн түшкөн үлүштүн 50%ын аларга, же мамлекетке берүү жана иш шартын кайра карап чыгуу. Алар инвесторлорго шарттарга көнүү үчүн «Жаңы жылга чейин» убакыт беришкен.

Дагы караңыз:

Өкмөт: Жерүй жаз алды менен иштеп баштайт