«Ханституцияга каршы борбор» жана Молдокматов. Активист Эрлан Бекчоро уулу сурак берди

Конституциянын жаңы долбооруна каршы 9-мартта митингге катышкан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 18-мартта Бишкек шаарынын ИИББ тергөө кызматына суракка чакырылды.

Ал активист Тилекмат Күрөңовдун иши боюнча күбө катары чакырылганын ШИИББден «Клооптун» журналистине билдиришти.

Бекчоро уулуу ИИББге суракка чакырылганы 18-мартта белгилүү болгон. Алгач активистти саат 17:00гө чакырышкан, бирок ал адвокатсыз барбай турганын билдирген. Натыйжада Бекчоро уулу 19-март күнү, саат 10:30да укук коргоо кызматкерлери менен жолуккан.

Ал сурак берип чыккандан кийин фейсбук барагына «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун жетекчиси Жеңиш Молдокматов жөнүндө суроолорго жооп бергенин жазган. Ошондой эле аты аталган борборго, Тилекмат Күрөңовго тиешелүү суроолор берилген. 

«Маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө документке кол койгонум үчүн мен сиздерге сурак жөнүндө толук албайм», — деп ал жазды.

Бишкек ШИИББ билдиргендей, активист Бекчоро уулу Тилекмат Күрөңовдун иши боюнча «айрым маалыматтарды тактоо» максатында суракка чакырылган.

Тилекмат Күрөңовдун иши

Бишкекте 15-марттан тарта Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын билдирген бир нече активист укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган.

Мындайча, «Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов 15-мартта кармалган. Бишкек ШИИББи болсо Күрөңовдун социалдык тармактардагы жазууларында «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга чакырыктын белгилери байкалгандыктан» кармалганын айтышкан.

«Аталган факт КЖБРге катталган жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштурууга аракеттенүү” беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр башталган, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган», — деп ШИИБ билдирген.

Ошондой эле, «Ханституцияга каршы» кыймылынын кеңсесинде жана активисттин үйүндө тинтүү жүргөн. Андан сырткары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүгө каршы 9-марттагы тынчтык митингине катышкан дагы бир нече активистти укук коргоо органдары текшерүүгө алышкан.

17-мартта Тилекмат Күрөңов Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизилген. Активист сот залынан чыгып бара жатып «ачкачылык жарыялайм» деп жар салган.

Дагы окуңуз:

Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?