Садыр Жапаров «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Жакынкы Чыгыш өлкөсүнөн кайтарылып, Чүй облусундагы балдар борборлорунун биринде жайгаштырылган 79 баланын жашоо-шартын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Кайтарылган балдардын жаш-курагы 2 жаштан 18 жашка чейин, аларга борбордо жашоо жана эс алуу үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Тийиштүү адистер аларды бара-бара туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат.
Президент мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып, балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилегеди.
«Бул балдар ар кандай себептер менен Иракка кеткен кыргызстандык жарандардын балдары, алар бөтөн жерде согуштук аракеттердин кесепеттерин көрүп, аман-эсен кайтып келишкен, ошондуктан өз мекенинде алар ар дайым баш калкалай аларын, камкордукка жана коргоого алынарын көрсөтүү зарыл» — деди Жапаров.
Садыр Жапаров «чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн мамлекет тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалып, бардык ресурстар колдонуларын» өзгөчө белгиледи.
Ал тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн балдарды толук кандуу коопсуз жашоого кайтаруу боюнча реабилитациялоо жана реинтеграциялоо, ар бир бала үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүү жана балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө бурду.
Жарандарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн кайтаруу
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Сирияга болжол менен кыргызстандык 800 жаран кеткен — алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелет, бирок аман калган аялдар жана балдар тууралуу да маалым. Аман калгандар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринде жайгаштырылган, алардын так саны белгисиз.
Кыргызстандыктарды азгыруу жолу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70% өлкөнүн түштүгүнөн кетишкен. Мунун себептери көп. АКШнын Вашингтон шаарындагы Вилсон борборунда иштеген, Борбор Азиядагы экстремизм боюнча эксперт Эдвард Лэмондун айтымында, Борбор Азиядан келген Орусиядагы эмгек мигранттары азгырма жалдоонун алдында өзгөчө алсыз болушат.
Эмгек мигранттары достордон, жакындардан обочолонгон жерде, тааныш эмес өлкөдө жашашат, мындайларды азгыруу оңой. Экинчиден, Орусиянын калкы тарабынан мигранттардын басмырланышы аларга «ыйык согушка» болгон муктаждык жогору болгонуна ишендирүүгө гана түрткү берет. Лэмондун маалыматы боюнча, көчүп кетүү демилгесин көбүнчө эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» жубайлары менен балдарын да кошо ала кетишет.
Согуш аракеттеринин активдүү фазасы токтогонуна карабастан, Жакынкы Чыгышта жаңжал чыккан аймакка террористтик топтордун катарларын толтуруу максатында жалдоочуларды тартууга жана жиберүүгө шектелгендер дагы эле кармалып жатат. Ал эми согуш жүргөн жакка балдары менен чогуу кеткен кыргызстандык кыз-келиндерди мекенге кайтаруу боюнча маселелер соңку бир нече жылдан бери көтөрүлүп жатат.
Тема боюнча: «Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне
2019-жылы ТИМ аялдардын жана балдарды мекенге кайтаруунун варианттарын карап жатканын билдирген, ал эми ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков согуш аракеттери жүргөн аймактарда болуп келген кыргызстандыктардан коркунуч жаралышы мүмкүн деген пикирин айткан.
«Башка өлкөлөр дагы жарандарынын террордук жана экстремисттик топтордун кошулган учурларына туш болууда. Мамлекетке каршы максаттарды көздөгөн ошол адамдар мурдагы жашаган жерине кайтканда коркунуч жаратары анык», — деп айткан Жээнбеков.
Кийинчерээк активист Кубанычбек Токтосунов башында турган кыргызстандыктардын демилгечи тобу Сирия жана Ирактан өз эсебинен 150 эне-баланы Кыргызстанга кайтарып келүүгө даяр экенин билдирген.
«Биз жоочулар жөнүндө айтпай элебиз. Сот алардын аракеттерине баа берет, биз энелер менен балдары жөнүндө айтып жатабыз», — деген Токтосунов.
Муну менен бир маалда, УКМК Сирия жана Ирактын согуш аймактарында жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген. Качкындар үчүн лагерлерде жайгаштырылган кыргызстандыктар террористтик иш-аракеттерге катышып-катышпаганын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган. Эгер ата-энелердин террористтик иштерге катыштыгы бар болуп чыкса, анда алар ата-энелик укуктан ажыратылышарын, балдар мекенине кайтарылары маалымдалган.
Бирок кийин процесс токтоп калган: 2020-жылдын февраль айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сирия аймагындагы оор абалдан улам Кыргызстандын жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан чыгарып кетүү мүмкүн болбой жатканын кабарлаган.
Бул максаттар ишке ашпай калган — дүйнөдө коронавирус пандемиясы күч алып, чек аралар жабылган. Жакынкы Чыгышта жүргөн кыргызстандыктарды жана алардын балдарын алып келүүнү талап кылган акция акыркы жолу 2020-жылдын август айында парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоо алдында өткөн. Сооронбай Жээнбеков тийиштүү кандайдыр бир кадамдарга барган эмес.
2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, анын артынан жаралган саясий жана экономикалык каатчылыктын кесепетинен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө качкындар лагерлеринде жайгашкан кыргызстандыктардын маселелери эч кимди ойлондурган эмес. 2021-жылдын 10-мартында юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов парламенттин отурумунда кыргыз өкмөтү Сириядан кыргызстандыктарды эвакуациялоо үчүн атайын учак жиберилгени жана ар бир кишиге салынган айыппулдарды төлөөгө акча бөлүнгөнү жөнүндө атайын буйрук чыгарганын маалымдаган.
Тема боюнча окуңуз: