ТИМ: Ирактан кыргызстандык 79 бала кайтарылды

16-мартта Ирактан Кыргызстанга атайын учак менен кыргызстандык 79 бала алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мындай мүнөздөгү жана масштабдагы репатриациялык иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү.

«2021-жылдын февраль айынын аягында Иракка гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, өкмөттүн жана башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ балдарды мекенине кайтаруу үчүн жөнөтүлгөн», — деп ТИМде белгилешти.

ТИМдин маалыматы боюнча, «Мээрим» гуманитардык миссиясы өмүрү жана ден соолугу өтө кооптуу абалда болгон балдарды куткаруу үчүн жөнөтүлгөн.

Министрликтин белгилегени боюнча, балдар Иракта калып калган энелеринин, ошондой эле балдарды камкордугуна алгысы келген туугандарынын макулдугу менен Кыргызстанга алынып келген.

«Мекенине кайтарылган балдарга өкмөт тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт». — деп ТИМ баса белгиледи.

Кыргызстандыктарды Сириядан эвакуациялоо

Буга чейин Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов 10-март күнү парламенттин отурумунда өкмөт Сирияга кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн атайын учак жиберүү боюнча буйрук чыгарганы тууралуу маалымдаган.

«Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет. Өкмөт алардын айып пулун төлөө милдетин өзүнө алып жатат, андан кийин алар Кыргызстанга кайтарылат», — деп билдирген Канулькулов.

Бирок өкмөттүн жана Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу так маалыматтары жоктугун айткан болчу.

Террордук топтордун азгырыгынан улам Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга барып калган аялдар менен жаш балдарды алып келүү өтүнүчү менен кыргызстандыктар бийликке бир нече жылдан бери кайрылып келишет.

Өкмөт Ирактагы кыргызстандык балдарды 2019-жылы эле алып кетүүнү пландаштырган болчу. Ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Иракта кыргызстандык 78 бала болгонун, алардын энелери түрмөгө камалганын билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Сирияга болжол менен кыргызстандык 800 жаран кеткен — алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелет, бирок аман калган аялдар жана балдар тууралуу да маалым. Аман калгандар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринде жайгаштырылган, алардын так саны белгисиз.