УКМК Сириядагы кыргызстандыктарды кайтарып келүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Сирия жана Ирактын согуш аймактарында жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабы жүргүзүлүүдө.

«Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктагыча Сирия-ирак аймагында калуусу шарт», — деп айтылат УКМКнын кабарында.

Атайын кызмат эгер ата-энелердин террористтик иштерге катыштыгы бар болуп чыкса, анда алар ата-энелик укуктан ажыратышылаарын эскертти.

Бирок мекенине кайтарылган кыргызстандыктар мыйзамдын талабына ылайык, реабилитациядан өтүп, жоопкерчиликтери аныкталат.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу маселеси президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө.

Өкмөт 5-августта кыргызстандыктардын балдарын мекенине кайтаруу ишин алып бара турган жумушчу топту Жакынкы Чыгышка жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Ал эми мындан мурдараак активист Кубанычбек Токтосунов башында турган кыргызстандыктардын тобу Сирия жана Ирактан өз эсебинен 150 эне-баланы Кыргызстанга кайтарып келүүгө жана аларды реабилитациялоого даяр экенин билдирген.

Бул тууралуу кошумча: «Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне